Казакстан Иран менен айыл чарба өнүмдөрү соодасын көбөйтүүгө даяр

Казакстан Иран менен айыл чарба өнүмдөрү соодасын көбөйтүүгө даяр

Бул үчүн мамлекеттерде бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Республиканын премьер-министри Алихан Смаилов менен Ирандын айыл чарба министрлигинин башчысы, бүгүн агроөнөр жай комплексинде кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечектерин талкуулашты. Сейед Жавад Садати Нежад темир жол жана деңиз инфраструктурасын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, Казакстандын рыногуна цитрус азыктарын жеткирүүнүн көлөмүн кеңейтүүгө даяр экендигин билдирди. Тараптар транспорт-логистикалык сектор өнөктөштүктүн негизги багыттарынын бири экенин баса белгилешти. Ага ылайык “Түндүк-Түштүк” коридоруна өзгөчө роль берилген. Жол картасынын алкагында анын өткөрүү жөндөмдүүлүгү 2025-жылга чейин 10 миллион тоннага чейин жеткирилиши керек.

Алихан Смаилов, Казакстандын Прьемер-министри:

- Иран Казакстандын Перс булуңундагы маанилүү соода өнөктөшү. 2022-жылдын үчтүн айы-жетинин айларында өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү 20%дан ашуунга өсүп, дээрлик 500 миллион долларды түздү. Ошол эле учурда өз ара сооданын көлөмүн мындан ары жогорулатуу максатында Казакстан 75 товардык позицияны болжол менен 250 миллион долларга барабар болгон Иран рыногуна кошумча жиберүүгө даяр.

Маңгыстау облусу

Маалыматка ылайык, Казакстан да Иранды соода түйүнү катары карайт, ал Африка жана Жакынкы Чыгыш мамлекеттерине ата мекендик өнүмдүн экспортунун көлөмүн алты жүз миллион долларга чейин көбөйтөт. Ошондой эле, келечекте тараптар өз ара сооданын жалпы көлөмүн үч миллиард долларга жеткирүүнү максат кылууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков