Казакстанда үч мунай кенин иштетүү башталат

Бул тууралуу Мангыстау облусунун акимчилигинен билдиришти. Алардын айтымында, Каламкас-Хазардагы алгачкы өндүрүш 2028-жылдын аягында башталат. Анын деңиз платформасын куруу 2024-жылга пландаштырылган. Ал эми долбоорлоо иштери 2023-жылы жүргүзүлөт. Белгилей кетсек, кендерди иштетүү боюнча жакшыртылган келишимге бирдин айынын 6да кол коюлган. Долбоордун өзүнө 6 миллиард доллар сарпталат. Каламкас-Деңиз жана Хазар түзүмдөрүндөгү участоктун жалпы кору 81 миллион тонна мунай затты түзөт. Келечекте Каспий деңизинин кургактыктагы деңиз бөлүгүндө да иштер жүргүзүлөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков