Казакстан БАЭ менен эркин соода боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат

Казакстан БАЭ менен эркин соода боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат

Соода жана интеграция министрлиги билдиргендей, тараптар Дубайда болочок келишимди талкуулашты. Ал ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосунда бажы алымысыз жана тоскоолдуксуз соода жүргүзүү үчүн шарттарды түзөт. Документте товарлардын соодасы гана эмес, талаш-тартыштарды чечүү, коргоо чаралары, ошондой эле техникалык, санитардык жана фитосанитардык жөнгө салуу маселелери да камтылган. Белгилей кетсек, Казакстан менен БАЭ ортосундагы соода жигердүү өнүгүп жатат. Өткөн жылдын аягында соода алмашуунун көлөмү 632 жарым миллион доллардан ашык болгон. Алардын көбү – тактап айтканда 560 миллиону – ата мекендик өнүмдөрдүн экспорту.

Которгон: Илгиз Жамалбеков