Казакстан менен Кытай жалпы наркы 565 миллион долларга бааланган долбоорду жүзөгө ашырууну макулдашты

Казакстан менен Кытай жалпы наркы 565 миллион долларга бааланган долбоорду жүзөгө ашырууну макулдашты

Алардын арасында жалпы баасы 565 миллион долларды түзгөн 5 соода келишими бар. Ошондой эле, тараптар алты региондор аралык келишимге жана беш меморандумга кол коюшту. Макулдашуулар Алматыда Казакстан менен Кытайдын ортосундагы чек ара кызматташтыгынын II достук диалогунун алкагында жетишилди. Мындан тышкары Казакстан Кытай рыногуна 1 миллиард доллардан ашык 135 өнөр жай жана айыл чарба өнүмдөрүнүн кеңири түрлөрүн сунуштоого даяр. Тактап айтканда, ишкерлер муздатылган эт жана балык, жумуртка жана башка азыктарды Кытай Эл Республикасына экспорттой алышат. Ошондой эле, Казакстан жылдык буудай көлөмүн 1 миллион тоннага жеткирүүгө даяр.

Которгон: Илгиз Жамалбеков