К. Токаев түрк инвестициялык фондун түзүү боюнча келишимдин долбоорун жактырды

К. Токаев түрк инвестициялык фондун түзүү боюнча келишимдин долбоорун жактырды

Фонддун уставдык капиталы 500 миллион долларды түзөт. Башкы кеңсеси Стамбулда жайгашуусу пландалууда. Белгилей кетсек, Түркия инвестициялык фонду курултай жыйыны өткөн күндөн баштап 20 жылдан бери иштеп келет. Мындан тышкары, мүдүрлөр кеңеши каалаган убакта өз ишин токтотуу же узартуу жөнүндө чечим кабыл ала алат. Дагы бир айта кетчү нерсе, эл аралык каржы уюму деген макамга ээ болот. Эске сала кетсек, фонддун уюштуруучулары Казакстан, Азербайжан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстан. Тараптар фондду түзүү боюнча былтыр жетинин айында Самаркандда Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун алкагында өткөн саммитте макулдашышкан.

Которгон: Илгиз Жамалбеков