Казакстанга Француз инвесторлору 50 миллион евро салат

Казакстанга Француз инвесторлору 50 миллион евро салат

Бешинчи республиканын ишкерлери темир жол инфраструктурасына инвестиция салышат. Бул долбоорлорго 50 миллион евро өлчөмүндө каражат бөлүнөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Долбоорлор 2024-жылга чейин ишке ашуусу күтүлүүдө. Тейлөө борборлору Астанада, Алматы, Жамбыл жана Түркестан облустарында болушу мүмкүн. Ошондой эле инвестициялык тарап 1000ден ашык жергиликтүү адистерди даярдоону колго алууда. Белгилей кетсек, Казакстанда француз компанияларынын катышуусу менен беш долбоор ишке ашырылууда, анын баасы болжол менен 43 миллиард теңгени түзөт. Бүгүнкү күндө алардын экөөсү ишке киргизилди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков