Казакстан менен Катар биргелешкен инвестициялык фонд түзөт

Казакстан менен Катар биргелешкен инвестициялык фонд түзөт

Мындай келишим Дохада өтүп жаткан үчүнчү Катар экономикалык форумунун алкагында жетишилди. Премьер-министр Алихан Смаиловдун араб өлкөлөрүнүн бир катар ишканаларынын жетекчилери менен жолугушуусу жемиштүү болду. Тараптар саламаттыкты сактоо, айыл чарба, өнөр жай, курулуш жана туризм тармагындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты. Өкмөт башчы аталган тармактардын Казакстан үчүн маанисин жана бул багытта өз ара пайдалуу кызматташтыкты орнотуунун дарамети чоң экендигин белгиледи.

Нурлан Жакыпов, «Самрук-Казына» АК башкарма төрагасы:

- Бир нече жыл мурун биз Катардын көз карандысыз фонду менен 200 миллион доллар инвестициялоо боюнча келишимге кол койгонбуз. Бүгүн биз QIA – Qatar Investment Authority менен биргеликте жалпы фонд түзүү маселесин талкууладык. Биз транспорт тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө даярбыз. Азыр биздин Fly Arystan  компаниясы Астана жана Алматыдан Дохага чартердик каттамдарды аткарат. Быйыл бул каттамдарды үзгүлтүксүз кылууну көздөп жатабыз. Биз катардык кесиптештерибиз менен телекоммуникация жана тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүү боюнча да иштешүүдөбүз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков