Казакстанда жаңы газ кен өндүрүшү ишке берилет

Казакстанда жаңы газ кен өндүрүшү ишке берилет

Долбоордун ишке киришинин аркасында жыл сайын 100 миллион чарчы метрге чейин көгүлтүр отун берилип, Кызылорда облусунун тургундарынын муктаждыктарын канааттандыруу каралган. Улуттук компаниянын маалыматы боюнча, быйыл жыл башына чейин Рожков кенинде газ өндүрүшү ишке киргизилет. 2024-2025-жылдары Борбордук Өриктау кенинен өндүрүлгөн өнүмдү ташуу пландаштырылууда. Бул жылына кошумча 1 миллиард чарчы метр газ берет. Мындан тышкары, 2027-2030-жылдары Каламкас жана Батыш Прорва кендеринен 2 миллиард чарчы метр товардык газ өндүрүлөт деп күтүлүүдө. Мунун баары ички рынокту 2030-жылга чейин кошумча 6 миллиард чарчы метр көгүлтүр отун менен камсыздоого мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков