Казакстандын экономикасына арналган кошумча план иштелип чыкты

Өлкөнүн өкмөтү тарабынан Казакстандын экономикасы үчүн "Б" планы иштелип чыкты. Ал пандемия созулуп кеткен учурда ишке кошулат. План калкты жана бизнести колдоо боюнча шашылыш чаралардын топтомун камтыйт, ошондой эле, макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууга багытталган.

АСЕТ ИРГАЛИЕВ, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ЭКОНОМИКА МИНИСТРИ:

 - Өкмөт Улуттук банк, Каржы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү агенттиги менен биргеликте социалдык-экономикалык кырдаал начарлап кеткен учурда биргелешкен иш-чаралардын планын иштеп чыкты. Эгер триггерлер иштесе, долбоор күчүнө кирет.

Асет Иргалиев триггерлерге коронавирустун жаңыдан өрчүшү, мунайдын баасынын туруксуздугу жана башка жагымсыз тышкы факторлор кирет деп түшүндүрдү. Бирок министр каржылоо булагын жана кандай сумма тууралуу кеп болуп жатканын атаган жок.