Казакстан мунайынын чет өлкөгө экспорту

Казакстан мунайынын чет өлкөгө экспорту

Казакстан чет өлкөлөргө мунайды экспорттоону көбөйтүүнү көздөп жатат. Эгерде 2020-жылы республика жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө 59 миллион тоннадан көбүрөөк «кара алтынды» экспорттогон болсо, быйыл күйүүчү майды жеткирүүлөрдүн санын бир нече эсе көбөйтүүнү мерчемдөөдө. Тактап айтканда, өткөн жылы Кытайга 12 миллион тонна мунай экспорттолсо, 2021-жылы дароо эле 20 миллион тонна жөнөтүү мерчемделүүдө.

ДАНИЯР БЕРЛИБАЕВ, УЛУТТУК «КАЗМУНАЙГАЗ»  КОМПАНИЯСЫНЫН БАШКАРМА ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

 - Кытай тарапка мунай Орусия Федерациясынан транзит менен ташылып жатат. Биз да 10 миллион тоннадан ашуун кара алтынды Орусиядан Кытайга транзит менен Казакстан аркылуу ташып келебиз. Бул биздин экономикабызга оң таасирин тийгизет.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын үчтүн айынын аягында Казакстан 7 миллион тоннадан ашык мунай өндүргөн. Маалыматка ылайык, республика ОПЕК+ келишимдери боюнча милдеттенмелеринин аткарылышына байланыштуу «кара алтын»  өндүрүшүн кыскартууну улантууда.