Казакстан ипотеканын жеткиликтүүлүгү боюнча рейтингде жогорулады

Казакстан ипотеканын жеткиликтүүлүгү боюнча рейтингде жогорулады

Казакстан 2021-жылы ипотеканын жеткиликтүүлүгү боюнча 109 мамлекеттин ичинен 74-орунду ээледи. Эл аралык талдоочулук уюмдун маалыматы боюнча, эң мыкты ипотека насыялары Сауд Арабиясы, Пуэрто-Рико жана АКШга таандык. Ал эми ЕАЭБ өлкөлөрү арасында Орусиянын ипотека боюнча абалы жакшы, коңшу өлкө 65-орунда турат. Армения 93-орунда, Беларусь 96-орунда, Кыргызстан 98-орунга жайгашты.

ЛАРИСА СТЕПАНЕНКО, КАЗАКСТАН РИЭЛТОРЛОРУ БИРИККЕН  КООМЧУЛУГУНУН ПРЕЗИДЕНТИ:

 - Акыркы убакытта мамлекеттик программалар калктын белгилүү бир топторуна багытталган. Алар албетте, турак-жай сатып алууга мүмкүнчүлүк берет. Маселе башкада, менин оюмча биздин өлкөдө универсалдуу ипотека жок. Буга сандар далил. Ошондуктан мамлекеттин алдында аткара турган жумуштар көп. Алдыдагы убакытта чарчы метрге муктаж адамдардын санын көбөйтүүгө аракет кылган программалар пайда болушу керек. Ал эми ошол программалардын аркасында адамдар үйлүү болууга тийиш.

Жалпысынан, казакстандыктардын ипотекага үй алуу боюнча пикирлери ар кандай:

БЛИЦ:

– Мен ипотекага эки өңүттөн карайм. Бирок алыш керек деген учурлар болуп жатат. Мисалы, мага белгилүү бир сумма жетишпегендиктен ипотекага алдым.  Мен аны албетте мөөнөтүнөн мурда жаптым. 10 жылга алган ипотеканы 4 жыл ичинде төлөдүм.

Ипотека жөнүндө менин оюм жакшы. Себеби, жарандарда үйлүү болууга башка мүмкүнчүлүктөрү жок. Ошондуктан, ушундай мыйзам кабыл алып, элдин үй сатып алуусуна мүмкүнчүлүк түзүп бергендерине кубанычтамын.

– Азырынча планымда ипотека жок. Бирок ал план келген сыяктуу. Ошондуктан Жилстройго ишенип, ипотека алат окшойм.

Өлкөдө турак-жайга баанын олуттуу өсүшү 2021-жылдын үчтүн айында байкалды. Ошентип, жаңы турак-жайдын 1 чарчы метринин баасы 3,8 пайызга, заманбап экинчи турак-жайдын баасы бир айда дароо 7,2 пайызга өстү. 2020-жылы кыймылсыз мүлккө болгон баанын ай сайын жогорулашы орточо эсеп менен жаңы турак жайга 0,4 пайызды түзгөн жана кайра курулган заманбап турак-жайлардын баасы 1,1 пайызды гана түзгөн.