Казакстанда аралыктан иштөөчүлөр үчүн бош орундар 2% жогорулады

Казакстанда аралыктан иштөөчүлөр үчүн бош орундар 2% жогорулады

Казакстанда катуу карантин чаралары алынып салынгандыгына карабастан, өлкөдө аралыктан иштөө графиги менен эмгек тартиби бар кызматкерлерге суроо-талап өсүүдө. Буга расмий маалыматтар күбө. Адистердин айтымында, буга биринчи кезекте жашоонун бардык чөйрөлөрүн санариптештирүү себеп. Ал эми пандемия бул жараянды тездетти. Ошондуктан аралыктан  иштөө форматы мындан ары жагымдуу жана келечектүү боло берет.

ДАНА КАСЫМОВА, КАЗАКСТАН HEADHUNTER PR-МЕНЕДЖЕРИ:

 - Жалпысынан, 2020-жылды карасак, пандемияга байланыштуу иш берүүчүлөрдүн аралыктан иштөө графиги бар кызматкерлерге суроо-талабы жогорулаган. Мисалы, 2019-жылы аралыктан иштөө графиги менен бош орундун үлүшү жыл ичинде жарыяланган вакансиялардын жалпы санынын 1 пайызынан ашчу эмес. Андан кийин 2020-жылы бул көрсөткүч 2 пайызга чейин, кээде катаал чектөө чаралары учурунда 3 пайызга чейин өскөн. Эгерде Казакстандагы эмгек рыногундагы учурдагы абалды карап көрсөк, анда бирдин айынын аягында бул суроо-талап алыстан иштөө графиги 2 пайыз чегинде иш берүүчүлөр тарабынан сакталып турат.

Өз кезегинде жумуш издөөчүлөр, коомдук сурамжылоолорго ылайык, үйдөн чыкпай иштөөгө каршы эмес. Ал тургай көпчүлүгү кеңсеге барууну талап кылбай турган адистиктер боюнча кайрадан окушууда. Аралыктан иштөө убакытты үнөмдөө, үйдөн тышкары тамак-ашка жана кошумча кеңсе кийимдерине чыгым талап кылбай тургандыгы менен өзгөчөлөнөт. Рекрутинг агенттиктеринин талдоосуна ылайык, жумуш издөөчүлөр бухгалтердик эсеп, сатуу, өндүрүш, курулуш, искусство, көңүл ачуу, жалпыга маалымдоо каражаттары жана башка ушул сыяктуу кесиптик чөйрөлөрдө аралыктан иштөөнү туура көрүшөт.

ДАНА КАСЫМОВА, КАЗАКСТАН HEADHUNTER PR-МЕНЕДЖЕРИ:

 - Мисалы, 2019-жылы аралыктан иштөө графиги менен резюмелердин үлүшү 6 пайызды түзгөн. 20-жылы ал 8 пайызга чейин жогорулаган. Бирдин айынын аягында бул көрсөткүч жарыяланган резюмелердин 10 пайызына жетет.