Казакстан «лязги» биринчи эл аралык бий фестивалына катышты

Казакстан «лязги» биринчи эл аралык бий фестивалына катышты

Өзбекстанда биринчи жолу эл аралык «Лязги» бий фестивалы өтүп жатат. Белгилей кетсек, бул дагы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирет. Боордош өлкөдө бир да майрам лязги бийсиз өтпөйт. Анын жаркын стили бүткүл дүйнөгө белгилүү. Сынакка дүйнөнүн 30 өлкөсүнөн хореография чеберлери жана сүйүүчүлөр, искусство таануучулар жана маданият ишмерлери катышууда. Баш байге үчүн 170ке жакын өнөрпоз ат салышат. Ага өлкөнүн атынан «Ак кербез» бий тобу өнөр көрсөтөт.

Аида Смагулова, Жамбыл облустук филармониясынын көркөм жетекчиси:

- Албетте, биринчиси биздин улуттук баалуулуктарыбыз. Биздин каада салтыбызды даңазалоо. Фестивалга төрт бийди алып келдик. Бул өнөр аркылуу ар кайсы өлкөлөрдүн бири-бирине болгон достугу, мамилеси ушундай деп эсептейм.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков