Көз карандысыздык жылдарында казак театрлары жеткен жетишкендиктер

Казакстан келе жаткан жылы көз карандысыздыктын 30 жылдыгын белгилейт. Бул маанилүү дата. Дал ушул 30 жылдын ичинде өлкө ар кандай тармактарда ийгиликтерге жетишти. Алардын бири - театр тармагы. Бүгүнкү күндө өлкөнүн ири шаарларында белгилүү театрлар бар. Буга кошумча  жыл сайын шаар, райондордо жаңы жаш театрлар ачылып, театрлардын катарын толуктоодо. Эгемендүүлүк күнүнүн алдында борбор калаада бет ачар аземи уюштурулган жаңы театрдын мүдүрү Асхат Маемировдун айтымында, театр тээ илгертен бери адамзатты тарбиялоочу курал болуп келет.

АСХАТ МАЕМИРОВ, «МУЗЫКАЛЫК ЖАШ КӨРҮҮЧҮЛӨР ТЕАТРЫНЫН» МҮДҮРҮ:

- Биздин тамырыбыз искусстводо жатат. Анын ичинде айрыкча театр эч кандай чек араны талап кылбаган дүйнө.  Биз мурда Совет доорунда ар бир облус борборунда казак драма театрларын ача алган эмеспиз. Эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин өчкөнүбүз жанып, өлгөнүбүз тирилди деп айтсак болот.  Эмнеге? Анткени театр адамзатты тарбиялайт, көрүүчүлөргө руханий, эстетикалык тарбия берген эң сонун жер болуп саналат.

Эгемендүүлүк театр искусствосуна да жаңы дем бергенин белгилей кетүү керек. Тарыхтагы боштуктар тууралуу айтылып, тарыхый инсандардын образы калыптанды.  Казак искусствосунун кулачы кеңири жайыла баштады.

АЙГҮЛ ИМАНБАЕВА, АКТРИСА «А.И» ТЕАТРЫНЫН МҮДҮРҮ:

- Эгемендүүлүктү алгандан берки жетишкендиктер абдан көп. Анткени казак театрлары чет элдик ири фестивалдарда, сынактарда гана ойнобостон, байгелүү орундарга ээ болуп, баш байге, биринчи орундарды багындырып, байгелүү орундарды ээлеп келишет. Бул биздин эгемендүүлүк алган жылдардагы ийгиликтерибиздин бирден бир  далили.