Казакстанда колдонмо өнөрдүн онлайн базасы түзүлдү

Казакстанда колдонмо өнөрдүн онлайн базасы түзүлдү

Казак оймо-чиймелеренин түрлөрүн чогултуу, изилдөө жана сактоо. Өлкөдө атайын долбоор ишке кирди. Аны кол өнөрчүлөр союзу уюштурууда. Алар жыл бою аймактарды кыдырып, Казакстандын музейлеринде илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, кол өнөрчүлөрдүн чеберканаларына барышат. Ошентип, алар бардык материалдарды бир топко чогултуу менен прикладдык искусствонун онлайн маалымат базасын түзүүнү максат кылышууда. Ал дайым салттуу дизайн жана улуттук техникалар боюнча маалыматтар менен толукталып турат. Ошондой эле, оюм-чийимдердин мааниси, алардын келип чыгышы, колдонуу эрежелери, түрдүү буюмдарда колдонулушу, уруксат берилген түстөрдүн координациясы сыяктуу уникалдуу маалыматтар базага киргизилет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков