Брюсселде Казакстанга арналган фото көргөзмө ачылды

Брюсселде Казакстанга арналган фото көргөзмө ачылды
kuku.travel

Европарламенттин имаратында казак элинин тарыхына, маданиятына жана каада-салттарына арналган фотокөргөзмө өтүүдө. Ага келгендер казак өлкөсүнүн борборунун жана байыркы эстеликтеринин сүрөттөрүн, ошондой эле белгилүү маданият ишмерлерин көрө алышат. Экспозиция Казакстан менен Евробиримдиктин ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата уюштурулган. Ачылышында Казакстандын Бельгиядагы элчиси Маргулан Баймухан Улуу Жибек жолу Азия менен Европанын ортосундагы маданияттар аралык жана соода алмашуунун пайдубалын түптөгөнүн, ал маанилүү ролду ойноп келгенин белгиледи. Ошондой эле, дипломат өлкөнүн тынчтыкты жана көп векторлуу тышкы саясатына өзгөчө токтолуп өттү.

Маргулан Баймухан, Казакстандын Бельгия менен Люксембургдагы элчиси  

- Биз Европарламент менен жакшы жана конструктивдүү мамилелерди сактап, колдоп келебиз. Бүгүнкү биргелешкен көргөзмө бардык европалык парламентарийлерге, бул европалык мекеменин кызматкерлерине жана конокторуна Казакстандын тарыхы менен таанышып, каада-салттарын таанып-билүүгө мүмкүнчүлүк берет. Биздин ортобуздагы мындай маданий кызматташтык өлкөнүн өзгөчөлүктөрүн жана анын артыкчылыктарын жакшыраак түшүнүүгө жардам берет - деп ишенем.

Гельмут Гойкинг Европарламент депутаты

- Казакстан пайдалуу кендерге бай өлкө катары абдан маанилүү роль ойнойт, ошондой эле территориясы боюнча дүйнөдө тогузунчу өлкө, анын 11% Европа жеринде. Европа Биримдигинин абдан маанилүү соода жана инвестициялык өнөктөшү болуп саналат. Бул демократиялык жана саясий реформаларды, анын ичинде мыйзамдын үстөмдүгүн, адамдын жана жарандын негизги укуктарын, эркиндиктерин өнүктүрүүнү, жаштарга жакшы келечекти камсыз кылууну камтыган так багыт алган, көп маданияттуу жана көп улуттуу мамлекет. Бул көргөзмө Казакстанды келечекте Биримдиктин жакшы өнөктөшү катары таанып-билүүгө,  кызматташууларды бекемдөөгө чоң мүмкүнчүлүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков