Петропавловск шаарында Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндө керемет фильм тартылууда

Петропавловск шаарында Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндө керемет фильм тартылууда

Түндүк Казакстан облусунда Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу көркөм фильмди тартуу иштери башталды. “Кара кыз” деп аталган бир жарым сааттык картинанын негизги жерлеринин бири Петропавловскинин жанындагы токойлордо өтүп жатат. Тасманын сценарийин жазган жана режиссеру белгилүү сценарист, Казакстандын Эл артисти Талгат Теменов. Тасма келерки жылдын жазында жарыкка чыгат.

Жомарт Зейнабил, режиссёрдун ассистенти:

- Эки сүйгөн жүрөккө эч ким тоскоол боло албайт, согуш жок, эч нерсе жок! Атанын теги да ушул жерден тартылган. Атасы уулу үчүн согушка кетип, аны издеп, акыркы мүнөттөрдө аны көрүп үн катпай көз жумат.

Ерлан Кулмурзин, актёр:

- Каарманымдын аты Аскарбек, жөнөкөй эле айылдык жигит, согуш жылдарында фронтко чакырылып, эрдик менен салгылашкан. Бул тасмада оор көрүнүштөр көп, көрүүчүлөр кызыгып көрсүн деп азырынча сырларды ачпай эле коёюн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков