ЮНЕСКО Ахмет Байтурсын уулунун 150 жылдыгын белгиледи

ЮНЕСКО Ахмет Байтурсын уулунун 150 жылдыгын белгиледи

Мындай иш-чаранын бири Париждеги ЮНЕСКОнун штаб-кеңсесинде өттү. Жыйынга казак маданиятынын көрүнүктүү ишмерлери, ата мекендик жана чет элдик окумуштуулар, изилдөөчүлөр катышып, Алаш арысынын баа жеткис мурастарын талдап, таразалашты.

Синь Цюй, ЮНЕСКО Башкы мүдүрүнүн орун басары:

- Ахмет Байтурсын уулу казак тили менен маданиятын өнүктүрүүгө зор салым кошкон инсандардын бири. Анын эмгектери бүгүн бүткүл дүйнөгө таанымал.

Анар фазылжан, А. Байтурсын уулу атындагы тил билими институтунун мүдүрү:

- Байтурсын уулунун алфавитинин аркасында казак балдары кыска убакыт ичинде окуу менен жазууну үйрөндү. Өзүңүздөр ойлоп көрүңүздөр, ал кезде интернет жок, технологиялар өнүгө элек болчу. Бирок ага карабастан Ахмет Байтурсын уулу элдин сабаттуулук деңгээлин жогорулатууга олуттуу салым кошо алган.

Жыйында улут мугалиминин англис тилиндеги жыйнагы тартууланды. Эми бул китеп ЮНЕСКОнун китепканаларын толуктайт. Эл мугалиминин эмгектер жыйнагынын бет ачары бүткүл түрк дүйнөсү жана түрколог окумуштуулар үчүн маанилүү окуялардын бири катары бааланат.

Хулия Касапоглы Ченгель, Анкарадагы Кажы Байрам университетинин профессору:

- Алаш лидерлеринин чыгармалары бардык түрк тилдерине, англис, француз тилдерине которулушу керек. Жада калса бул түрк элинин милдети деп айта алам. Магжан Жумабаев «Мен жаштарга ишенем» дейт, түрк дүйнөсүнүн жаштарын мүмкүн болушунча Алаш лидерлеринин эмгектери менен тааныштыруу керек.

Канча жыл өтсө дагы Ахмет Байтурсын уулунун чыгармалары актуалдуулугун жоготкон жок. Билим, илим жана маданиятты айкалыштыруу менен улуттук баалуулуктарды колдон келишинче даңазалай алган инсан.

Которгон: Илгиз Жамалбеков