Эл аралык чыгармачыл өнөр форуму

Эл аралык чыгармачыл өнөр форуму

Чыгармачыл тармактарды өнүктүрүүнүн негизги тенденциялары, Борбордук Азия чөлкөмүнүн өлкөлөрүнүн тармактагы потенциалы жана келечеги, ошондой эле экономикадагы заманбап тенденциялар үчүн жаңы өсүү чекиттери. Бул маселелерди серепчилер Алматыда өткөн биринчи Эл аралык адистештирилген форумда талкуулашты. Платформага ар кайсы өлкөлөрдөн келген 130 делегат чогулду. Белгилей кетсек, чыгармачыл индустрия интеллектуалдык ишмердүүлүккө негизделген экономиканын жаңы тармагы. Окумуштуулар жана дүйнөлүк аналитиктер алдын ала айткандай, келечек аны менен. Бирок, бүгүнкү күндө көптөгөн өлкөлөрдүн ИДПсына чыгармачыл экономиканын салымы 12%ды түзсө, биздин республикада эки пайызга жакын. Өткөн жылы өкмөт бекиткен креативдүү тармактарды өнүктүрүү концепциясынын аркасында үлүштү 5 пайызга чейин көбөйтүү пландалууда. Белгиленген негизги секторлор: кино, музыка, мода, кол өнөрчүлүк жана санариптик искусство. Алгач чоң шаарларда креативдүү индустрия өнүгөт дешет адистер, анткени адам капиталы көп топтолгон.

Ержан Еркинбеков, Казакстандын маданият жана спорт министринин орун басары:

Жыл аягына чейин мыйзам күчүнө кирет. Маданият жана спорт министрлиги фонд түзө турган, чыгармачыл тармактардагы долбоорду каржылоого мандат берген орган болуп калат, анан таланттарды тандап, аларга акча сала турган венчурдук фонддор пайда боло баштайт деп ишенебиз. Чыгармачыл өнүмдөрдү, аларды ар кандай базарларга сатуу, андан акча табуу, бул таланттарды андан ары өнүктүрүү.

Данияр Аманалиев, OLOLO компаниялар тобунун тең негиздөөчүсү: Кыргызстан

Борбор Азия өлкөлөрүндө жаштар көп. Демек көптөгөн идеялар бар. Жаш муун эмгекке жарамдуу куракка жеткенде эки колуна күрөк албаган абалга туш болбошу үчүн, аларды бүгүнкү күндөн баштап жаратман экономикага көнүктүрүү зарыл.

Которгон: Илгиз Жамалбеков