Дүйнө сүрөтү эл аралык арт-долбоорунун көргөзмөсү

Дүйнө сүрөтү - жаңы Гиннестин рекорддор китебине кирген арт-долбоор алгач өлкөнүн Улуттук музейинде көрсөтүлдү. Дубайдагы ЭКСПО көргөзмөсүндө 193 өлкөдөн келген эки миңден ашуун адам полотного кол тийгизди. Ошентип, сүрөт кыл калем колдонуп, аны чынжыр боюнча өткөргөн эң көп адам катышкан долбоор катары рекордду жаңылады. Ага бир нече ай бою дүйнөнүн төрт бурчунан маданият, искусство, спорт, бизнес жана саясаттын белгилүү өкүлдөрү катышты. Аяк оона айында БУУнун Нью-Йорктогу баш кеңсесинде уникалдуу сүрөт көргөзмөгө коюлган. Жакынкы арада полотнону Алматыдагы Кастеев музейинде, ошондой эле Шарджа жана Абу Дабиде көрсөтүү пландалууда.

Даут Шайхисламов, долбоордун автору:

Идея мага таандык, мен чындап эле пандемиядан кийин бардык өлкөлөрдү кантип бириктирүү жөнүндө ойлондум. Көчүрмө эл аралык космос станциясында болду. Бул жерде экспонат да сүрөттүн оң жагында турат, таң калыштуусу, ал нускада, эгер аны которуп көрсөк, бул космонавттын жумушчу документи. Алар сүрөттө өз изин калтырышкан, андай адамдар, эгер атактуулар жөнүндө айтсак, легендарлуу мушкер Рой Джонс. Бул биздин режиссёр Тимур Бекмамбетов, Байгали Серкебаев, Голливуд актеру Риз Ахмед.

Которгон: Илгиз Жамалбеков