Музей мурастары коомчулук үчүн ачык

Музей мурастары коомчулук үчүн ачык

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн Казакстандын музейлеринин жеткиликтүүлүгү жогорулап жатат. Мындан ары көзү азиздер жана угуусу начар казакстандыктар жана өлкөнүн меймандары тарыхый эстеликтер менен тааныша алышат. Эл аралык майыптар күнүн утурлай, ишке ашырылган Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасы, Дара фонду жана Улуттук музейдин биргелешкен долбоору менен кабарчыбыз таанышып кайтты.

Тарыхка күйгөн Инсар Изтилеуов эңсеген кыялына жетти. Тагдырдын буйругу менен көзү көрбөй калган өспүрүм байыркы эстеликтерди колу менен кармап көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонуна абдан ыраазы.

Инсар Изтилеуов

Мага тарых жагат. Азыр колумдагы Алтын адамдын буюмдарын өз колум менен кармап жатам. Мында брайл арибинде жазылган сөздөр бар. Ал жерде Алтын адамдын буюмдары бар делинген.

Улуттук музейде Инсар сыяктуу көзү азиздер баалуу тарыхый мурастардан ырахат алуусу үчүн уникалдуу экспонаттардын 20дан ашык тактилдик үлгүлөрү түзүлгөн. Бул түп нусканын так көчүрмөсү. Ар бир экспонаттын брайл ариби менен жазылган тексттик аныктамасы кошо берилген.

Абай Сатыбалдин, Улуттук музейдин мүдүрүнүн орун басары:

Жалпысынан бул долбоорго келүүчүлөр Казакстандын байыркы тарыхынан баштап, бүгүнкү күнгө чейинки заманбап экспонаттар менен тааныша алышат. Бардык мезгилдер хронологиялык тартипте камтылган. Белгилүү бир тарыхый мезгилден кабар берген байыркы буюмдардын ичинен, уникалдуулары тактилдик инклюзивдүү экспозицияда сунушталган.

Мындан тышкары, өзгөчө адамдарга өткөндөн толук маалымат берүү үчүн улуттук, англис жана орус тилдеринде аудиодескрипциялар жазылып, аудио гиддер даярдалган.

Марал Шешембекова, «Дара» фондунун долбоорлор жана программалар боюнча мудүрү:

Аудиодискрипция - бул адамдар көрө албаган чөйрөнүн сүрөттөлүшү. Башкача айтканда, айланасы тууралуу болгон маалыматты үн аркылуу тааныйт. Аудио материалдардын өзү бир гана атайын адистер тарабынан гана даярдалат. Анткени анын өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар. Бул үчүн керектүү методдор жана окутуу программалары колдонулат. Биз жаңдоо тили сыяктуу аудиодискрипция түшүнүгүн Казакстан Республикасынын мыйзамдарына киргизүүнү каалайбыз. Себеби, ал көзү азиздерге маалымат берүүнүн эң эффективдүү каражаты болуп саналат.

Кошумчалай кетсек, долбоордун алкагында музейдин бардык залдарында угуусу начар келүүчүлөр үчүн да казак жана орус тилдеринде сурдокотормосу бар видео-тур стенддери орнотулган. Видеоматериалдарды экскурсия учурунда берилген планшеттерден да көрүүгө болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков