Казакстандык композитор Канн кыска метраждуу фильмдер фестивалында номинацияга ээ болду

Казакстандык композитор Канн кыска метраждуу фильмдер фестивалында номинацияга ээ болду

Аны Петропавловск шаарынын тургуну Давид Литвинов орусиялык режиссер Александр Шингуровдун «Виктория» кыска метраждуу тасмасына жазган.

Тескерисинен. Давид Литвинов менен Александр Шингуров ушундайча аракеттенүүнү чечишти. Алгач музыкалык композиция жазылып, андан кийин гана анын алдына кино картина коюлду. Төрт мүнөттүк тасма АКШнын Казакстандагы дипломатиялык миссиясы уюштурган Борбор Азиядагы «48 Сааттык Кино Жарышы» сынагы үчүн тартылган. Шарт  боюнча кыска метраждуу тасма эки сутканын ичинде тартылышы керек болгон. Тынчтык темасына арналган «Victoria» тасмасы кыска метраждуу тасмалардын Канн кинофестивалында Мыкты романтикалык драма номинациясында жеңишке жетти. Давид Литвинов өзү да жеңиш күтүүсүз болгонун айтат.

Давид Литвинов, композитор:

- Ооба, чынында эле Канн кыска метраждуу фильмдер фестивалында номинацияга ээ болдук. Бул абдан күтүүсүз болду. Режиссер Александр Шингуров менен кайсы фестивалдарга жөнөтүү керектиги тууралуу сүйлөшкөндө биз сынактын болбоду дегенде программасына киребиз деп божомолдогонбуз. Албетте номинация алуу үчүн. Баары күтүүсүз болду. Анткени бул абдан чоң сынак болчу. 30дан ашык мамлекет катышты. Ал эми тасма мыкты беш композитордун катарына киргени абдан жагымдуу. Бул мен үчүн биринчи ошону менен бирге олутту жеңиш.

Өзүнүн музыкасын түзүү үчүн Давид этникалык аспаптарды колдонот. Анын коллекциясында казактын улуттук аспабы – домбра да бар.

Давид Литвинов, композитор:

- Казактын музыкалык маданияты мага абдан жакын. Себеби мен студент кезимде «Шертер» ансамблинде этнографиялык бас-домбрада 4 жыл ойнодум. Мен элдик-казак музыкасынын стилинде композициялык издөөлөрдү ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн көпкө күттүм. Мындай мүмкүнчүлүк мага сунушталды. Азыркы учурда Сакен Жунусовдун «Көз караш» повестиндеги «жаңы жол» спектаклинин үстүндө иш жүрүп жатат. 21-жылы абдан кызыктуу иш болду. Спектакль Намыс деп аталды.

Казак композиторунун чыгармалары өлкөдө гана суроо-талапка ээ эмес. Давид орус театрынын спектаклдерине да музыка жазат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков