Астанада «Ыйык өнөрдүн чеги» көргөзмөсү ачылды

Астанада «Ыйык өнөрдүн чеги» көргөзмөсү ачылды

Мунун бардыгы Улуу Талаа элдеринин терең тамыр жайган турмуштук үрп-адаттарынан кабар берген экспонаттар. Баш-аягы 100дөн ашык байыркы буюм. «Ыйык өнөрдүн чеги» аттуу көргөзмөсүндөгү экспонаттардын эң байыркысы сак маданиятына тиешелүү. Этнографиялык буюмдардын көбү 18-19-кылымдарга таандык. Казакстандын белгилүү сүрөтчүсү жана кол өнөрчүсү Сержан Баширов 30 жыл бою байыркы доордун булактарын чогулткан. Сактап гана тим болбостон, аларды хронологиясына, актуалдуулугуна жараша бириктирип, уникалдуу тарыхый композицияларды жараткан. Маселен, жыгач менен металлды, сөөк менен терини кошуп, бир канча экспонатка заманбап түс кошуп, жаңы дем берген.

Сержан Баширов, сүрөтчү, кол өнөр чебери:

- Биз бул көргөзмөнү бир нече жылдан бери пландаштырып келебиз. Окуучуларым менен биргеликте көргөзмө уюштурууну чечтик. Эми ал идеяны Алматы жана Астанада окуган 6 бүтүрүүчүм менен ишке ашырдык. Мен студенттериме салттуу элдик өнөрдү үйрөтүүгө аракет кылам. Түшүнүктүү болушу үчүн заманбап ыкма менен жеткирүүнү чечтим. Анткени тарыхыбызды, тамырыбызды терең тааныгым келет.

Жазира Жакыбаева, улуттук музейдин өнөр таануу бөлүмүнүн башчысы:

- Ал «этно авангард» стилинде иштейт. Бул стилдин негиздөөчүлөрүнүн бири. Маселен, анын эмгектерин хронологиялык жактан карай турган болсок, гун, сак, орто кылымдардагы, казак оюлары даана көрүнүп турат. Кошумчалай кетсек, биз аны теңирчилик маданиятын кайра жаратуучулардын бири катары билебиз. Башкача айтканда, анын чыгармаларында спираль, крест, чексиздик сыяктуу теңирчиликтин белгилери көп кездешет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков