ЮНЕСКОдо Абайдын 175 жылдыгына арналган иш-чара өттү

ЮНЕСКОдо Абайдын 175 жылдыгына арналган иш-чара өттү

Быйыл Абайдын 175 жылдыгы ЮНЕСКОнун деңгээлинде белгиленүүдө. Мааракеге арналган иш-чара эл аралык уюмдун башкы кеңсесинде онлайн режиминде өттү. Уюмдун башкы мүдүрү Одре Азуле өз сөзүндө Абайдын 150 жылдык мааракеси да ЮНЕСКОнун алкагында белгиленгенин эске салды. Ал Абай Борбордук Азия, Орусия менен Батыш өлкөлөрүнүн адабиятын терең изилдеп, Гёте, Байрон менен Пушкиндин чыгармаларын казак тилине которуп, элдердин ортосунда көпүрө болгонун айтат. Ошондуктан аны дүйнөнүн акыны деп эсептеш керектигин кошумчалады.

Одре Азуле, юнесконун башкы мүдүрү:

- Бүткүл дүйнө оор мезгилди башынан кечирип, санитардык, социалдык, агартуу жана маданият сыяктуу көптөгөн тармактар каатчылыкка учураган убакта Абайдын кайрылуусу абдан актуалдуу болуп турат. Катаал жана карлуу кыштан кийин жердин бети жаркыраган жаз гүлүндөй кулпурар деп айтканы бар. Биз ушул кыштын аяктоосуна даяр болушубуз керек. Абай өмүр бою тынчтык менен адамгерчиликке чакырып келген. ЮНЕСКО жана Казакстан Республикасы биргеликте бул милдеттенмени ар-намыс менен аткарып жатат.

 

Фото: assembly.kz