Казакстанда неоказак тамактарынын гастрономиясы түзүлүүдө

Казакстанда неоказак тамактарынын гастрономиясы түзүлүүдө

Ата мекендик окумуштуулар жана мыкты ашпозчулар биргелешип гастрономияда жаңы жана уникалдуу багыт — неоказак тамактарын жасоого киришти. Бүгүнкү дасторкондо кездешпеген байыркы тамак-аштардын салттарын сактап, учурдун талабына ылайыкташтыруу үчүн атайын илимий изилдөөлөр жүргүзүлдү. Курамында табигый азыктар гана бар.

Айгерим Мусагажинова, окумуштуу, этнограф:

Негизинен курут, сыр, таруу жана талкан сыяктуу улуттук тамак-аш азыктарын колдонобуз. Бүгүнкү күндө биз өзгөчө таруу жана ундун негизинде казак гастрономиясынын жаңы багыттарын түзүүгө басым жасап жатабыз. Мисалы, таруу менен кофе жасоонун технологиясын ойлоп таптык. Анткени бул табигый өсүмдүк болгондуктан курамында глютен жок. Мындан тышкары, таруу кофеинди өзүнө сиңирет. Ошондуктан организм аны тез сиңирет.

Окумуштуу-этнограф Айгерим Мусагажинова бул ишке беш жылдан ашык убакытын арнаган. Изилдөөчүлөр тобу менен бирге алыскы айыл аймактарын кыдырып, көчмөндөрдүн эң байыркы тамактарынын сырын жана маанисин ачууга аракет кылган. Бардык чогултулган маалыматтарды иргеп, учурда жок болуп бара жаткан казак менюсун жандандыруу үстүндө иштеп жатат.

Айгерим Мусагажинова, окумуштуу, этнограф:

Бүгүнкү күндө молекулярдык ашкана сыяктуу жаңы технологиялардын жардамы менен тамак-аштын жаңы түрлөрүн жана багыттарын түзүүгө болот. Мисалы, талканды кошуп даамдуу таттуу десерт жасоого болот. Муну менен улуттук тамак-аштарды тереңдетип изилдөө аркылуу анын баалуулугун кеңири жайылта алабыз. Бул биздин көздөгөн максатыбыз.

Бүгүнкү күндө казак элинин салттуу ашканасына суроо-талап күч алууда. Бирок, улуттук тамак-аштарды бир дагы коомдук тамактануу жайынан кезиктирүүгө болбойт. Борбордогу ресторандардын биринин менюсунда бешбармак менен куурдактын ордуна көчмөндөрдүн көмүскөдө калган уникалдуу тамактары сунушталат. Эч ким билбеген байыркы даамдардын бири – “Казан Жапма”. Бул тамак негизинен Улустун Улуу күнү Нооруз майрамына карата жасалат.

Бизде бүгүн даярдала турган "Казан Жапма". Бул казактын байыркы тамагы. Бизде биринчи жылкынын эти, помидор, пияз, көк пияз, дагы ичине кошо турчу ак пиязыбыз менен болгар калемпири бар. Соя соусун жана күн карама майын кошуп алабыз. Бул 10 мүнөттө даярдала турган даяр тамактардын бири.

Бүгүнкү күндө өлкөнүн рестораторлору ата мекендик этнографтар жана окумуштуулар менен бирдикте дүйнө жүзүнө жайылган италиялык, кытайлык жана чыгыш ашканасы менен бирге казактын бай жана пайдалуу улуттук тамак-аштарын кеңири жайылтууну максат кылышууда. Ар бир тамактын өзгөчөлүгүн сактоо максатында аларды иштеп чыгууда эски салтты бузбай заманбап багытта өркүндөтүүнүн эффективдүү ыкмалары ар тараптуу изилденип жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков