Казактын байыркы улуттук идиштери көпчүлүктүн назарына сунушталды

Казактын байыркы улуттук идиштери көпчүлүктүн назарына сунушталды

Аймактагы этнографиялык коллекция көптөн бери топтолуп келген. Музейдин фондусуна өткөн кылымдардагы тиричилик буюмдары негизинен облустун тургундары тарабынан өткөрүлүп берилген. Алардын көбү үй-бүлөлүк мурастар болуп саналат. Көргөзмөгө сары май, кол тегирмен, суусундуктарды сактоо үчүн жыгачтан жана булгаарыдан жасалган элүүгө жакын түрдүү буюмдар коюлган. Ага келгендер кээ бир экспонаттар кантип жана кандай максатта колдонулуп жатканын көрө алышты. Аны көрсөтүү үчүн унутта калган улуттук тамактарды даярдоо боюнча мастер-класстар уюштурулду.

Надежда Бектурганова, экскурсиялык жана массалык жумуш бөлүмүнүн башчысы:

Бул жерде коюлган бардык экспонаттар абдан уникалдуу жана сейрек кездешет, анткени алардын көбү 19-кылымдын аягында жасалган. Алар биздин аймакка барып, этнографиялык экспедицияларда чогула башташты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков