Сан кылымдык тарыхы бар килемдер

Сан кылымдык тарыхы бар килемдер

Астаналык Сержан Башировдун жеке чеберканасы ушундай коллекция түрлөрү менен кооздолгон. Анын жеке фондунда 150дөн ашык байыркы килемдер сакталган. Автор аны 30 жыл бою жыйнаган. Кылым карыткан килемдердин арасында 1800-жылдары Дагестандын чеберлери токуган тайыз килем өзгөчөлөнүп турат. Канча жыл өтсө да өңү өчкөн эмес. Анткени өсүмдүк сыгындысы менен боёлгон кой жүнү өмүр бою өңүн жоготпойт. Жалпысынан Сержан Башировдун коллекциясындагы ар бир килемдин артында бир улуттун тагдыры турат десек болот.

Сержан Баширов, кол өнөр чебери:

- Бул Азербайжандын килеми. Алар 40-жылдардагы согушта Грузиядагы түрктөрдү, Азербайжандагы дагестандыктар менен бирге алып келген килем. Биздин сол жагыбыздагы бул килем да эски. Мангыстауныкы деп койом. 100 жылдан ашкан килем. 20-30 жыл мурун сатып алгам, азыр да сакталуу турат.

Мындан 120 жыл мурун колго токулган бул килем көз жоосун алат. Чебердин айтымында, андагы ар бир оймо-чиймеге олуттуу карай турган болсок, бүтүндөй бир тарых, санжыра сыяктуу. Килем ушунусу менен баалуу дейт ал.

Сержан Баширов, кол өнөр чебери:

- Килем эмне үчүн баалуу деп сурашат. Килем жасоо эң оор жумуш. Кээде жылдап, айлап токулат. Кээде бир аял эмес, бир нече аял токушат. Килем абдан баалуу нерсе. Атүгүл бай-манаптар Персиядан бери алдыртып, бири-бирине тартуулаган. Ошол кездеги килемдер да бар.

Бүгүнкү күндө Сержан Баширов өзгөчө килем көрсө  коё бербөөгө аракет кылат. Тарыхый эстеликтерди чогултуунун максаты – байыркы доордун башаты болгон нерселерди кийинки муундарга мурас катары калтыруу.

Которгон: Илгиз Жаманбеков