Кожа Ахмет Яссауи күмбөзүндө комплекстүү изилдөө иштери башталды

Кожа Ахмет Яссауи күмбөзүндө комплекстүү изилдөө иштери башталды

Быйылкы жылы республикада уникалдуу архитектуралык-тарыхый эстеликти комплекстүү изилдөө башталды. Окумуштуулар өз иштеринде заманбап технологияларды, ошондой эле дүйнөлүк тажрыйбасын колдонушат. Эске салсак, күмбөздү текшерүү иштери 2021-жылы жүргүзүлгөн. Анда анын абалы канааттандырарлык деп бааланган. Бирок, температуранын жана нымдуулуктун сезондук өзгөрүүлөрү тарыхый имаратка терс таасирин тийгизет. Кожа Ахмет Яссауинин күмбөзүнүн жанында иш алып баруу учурунда өкмөт Түркестан облусунун акимчилигине нымдуулуктун деңгээлине көз салып, ага зыян келтирбөө боюнча тапшырма берген. Айта кетсек, 14-кылымдагы архитектуралык-тарыхый эстеликтин абалы аяк оона айында Эр-Риядда өтө турган Дүйнөлүк мурастар комитетинин сессиясында да каралат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков