Казакстанда коронавирус жуктуруу көрсөткүчү төмөндөөдө

Казакстанда коронавирус жуктуруу көрсөткүчү төмөндөөдө

 

Казакстанда коронавирус жуктуруу көрсөткүчү төмөндөп жатат. Өткөн суткада кооптуу вирус 772 адамдан аныкталган. Эң жогорку көрсөткүч дале болсо Алматы шаарында. Бул жерде жүздөн ашуун адам илдетке чалдыккан. Павлодар облусунда да жуктуруу деңгээли жогору: эпидемия өткөн суткада 101 адамда тастыкталды. Антирейтинг боюнча борбор калаа үчүнчү орунда турат: бир күндүн ичинде вирус жуктурган адамдардын саны 90дон ашты. Жалпысынан өлкө боюнча 202 миң 573 адам илдетке чалдыккан.

Нур-Султан шаарында -23831 (+92),

Алматы шаарында - 23638 (+102),

Чыгыш Казакстан облусунда - 21167 (+53),

Атырау облусунда - 16711 (+38),

Павлодар облусунда - 16331 (+101),

Караганды облусунда - 14748 (+40),

Акмола облусунда - 12637 (+64),

Батыш Казакстан облусунда - 12124 (+38),

Түндүк Казакстан облусунда - 11845 (+42),

Костанай облусунда - 11435 (+73),

Алматы облусунда - 10131 (+61),

Шымкент шаарында -6009 (+13),

Жамбыл облусунда - 5764 (+16),

Түркестан аймагында - 4215 (+6),

Мангыстау облусунда - 4162 (+7),

Актөбе облусунда - 4098 (+13)

Кызылорда облусунда - 3727 (+13)

Ошондой эле, өткөн суткада коронавирустан сакайып чыккандардын саны жуктуруп алгандарга караганда бир топ жогору болду. 866 адам коронавирустан айыгып чыккан. Ошентип, өлкөдө илдетти жеңип чыккандардын жалпы саны 185 миңден ашты.