Казакстанда «Спутник V» вакцинасы расмий түрдө катталды

Казакстанда «Спутник V» вакцинасы расмий түрдө катталды

Караганды фармацевтикалык комплекси Казакстан аймагында коронавируска каршы «Спутник V» вакцинасын каттоону аяктады. Ишкананын басма сөз кызматынын кабарлашынча, бирдин айынын 13 Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин талдоочулук уюмунун вакцинанын коопсуздугу, сапаты жана натыйжалуулугу тууралуу корутундусу алынды.

Белгилей кетсек, Казакстан «Спутник V» вакцинасын жактырган 27-мамлекет болуп саналат. Мындан тышкары, Караганды фармацевтикалык комплекси орусиялык субстанциядан даяр вакциналарды чыгарууга арналган жалгыз фармацевтикалык компания. Адистер тарабынан жүргүзүлгөн техникалык аудиттин жыйынтыгы боюнча, өндүрүш аянты коронавирустук вакцинанын даяр түрүн чыгаруу боюнча бардык талаптарга шайкештигин тастыктады. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, бирдин айынын соңунда Казакстандын бардык аймактарына Караганды фармацевтикалык комплекси чыгарган «Спутник V» вакцинасынын 90 миңге жакын дозасы жеткирилет.