Казакстанда коронавирустан 116 миң 461 адам айыкты

Казакстанда коронавирустан 116 миң 461 адам айыкты

Өткөн суткада дагы 274 адам коронавирустан сакайып чыкканы белгилүү болду. Ошентип, кооптуу инфекцияны жеңип чыккандардын жалпы саны 116 миң 461 адамга жетти. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде өлкөдө COVID-19 илдетинин 794 учуру аныкталды. Өлкөдөгү жалпы бейтаптардын саны 131 миң 659 жетти.

Нур-Султан шаары - 16043 (+54)

Алматы шаары - 16103 (+70)

Шымкент шаары - 5365 (+4)

Акмола облусу - 5163 (+91)

Актөбе - 3484 (+3)

Алматы облусу - 5714 (+32)

Атырау - 11633 (+17)

Чыгыш Казакстан облусу - 16316 (+125)

Жамбыл  - 4422 (+11)

Батыш Казакстан облусу - 8038 (+44)

Караганда  - 11102 (+25)

Костанай  - 5299 (+87)

Кызылорда  - 3290

Маңгыстау  - 3435 (+1)

Павлодар облусу - 6375 (+121)

Түндүк Казакстан облусу - 6399 (+108)

Түркестан облусу - 3478 (+1).

Ал тапта өткөн суткада коронавирустук инфекциянын белгилери менен пневмониянын 43 учуру катталды. Мындан тышкары, 41 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү.

Баш оона айынын 1 бери бейтаптардын жалпы саны 42 147, каза тапкандар 443, ал эми сакайып чыккандардын саны 30 535 жетти.