Казакстанда коронавирус жуктуруу учурлары кайрадан көбөйдү

Казакстанда коронавирус жуктуруу учурлары кайрадан көбөйдү

Казакстанда коронавирус жуктуруу учурлары кайрадан көбөйдү. Өткөн суткада кооптуу инфекция 796 адамдан аныкталды. Эң жогорку көрсөткүч Павлодар облусунда. Аймакта 100 адам аталган илдетке чалдыккан. Андан кийин Нур-Султан шаарында 99 бейтап аныкталса, Алматыда вирус жуктуруунун 91 учуру  катталды. Жалпысынан өлкө боюнча 204 миң 055 адам илдетке чалдыккан. Мындан тышкары, өткөн суткада 1 миң 51 адам коронавирустан айыгып чыкты.