Казакстанда офтальмологияга арналган нано-өнүм жасалды

Казакстанда офтальмологияга арналган нано-өнүм жасалды

Казакстанда көз оорулары линза түрүндөгү офтальмологиялык нано-плёнканын жардамы менен дарыланат. Жаңычылдыкты Актөбе университетинин окутуучулары ойлоп табышты. Полимер кабыкча май же тамчылар менен толтурулуп, төмөнкү кабактын астына коюлат. Бара-бара ал шишип, дарыны бөлүп чыгарат.

ГУЗЕЛЬ АБИЛОВА, ЖАРАТЫЛЫШ ТААНУУ ФАКУЛЬТЕТИНИН КАФЕДРА ОКУТУУЧУСУ:

 - Жука плёнка табигый полимерден жасалат. Ошондуктан анын ден-соолукка эч кандай зыяны болбойт. Биринчиден, бизде туруктуу концентрация болгондуктан, мындай катуу формадагы дары-дармектердин артыкчылыктары эмнеде? Полимер плёнкасынан белгилүү өлчөмдө дарылык затты бөлүп чыгат. Бул аракет 2 сааттан ашык убакытка созулбайт. Бул полимердик плёнка 4 саатка чыдайт, бейтаптын ыңгайлуулугу болуш үчүн 8-12-24 саатка чейин турат.

Уникалдуу медициналык өнүм жасоону илимпоздор Улуу Британияда стажировкадан өтүү учурунда үйрөнүшкөн. Казакстандагы фармацевтикалык компаниялар азырынча офтальмологиялык плёнкаларды чыгара элек, бирок көз дарыгерлери аларды чет өлкөлөрдө кеңири колдонушат. Иштеп чыгуучулар келечекте долбоорду каржылоого арыз берүүнү мерчемдеп жатышат.