Казакстанда өткөн суткада 855 адамдан коронавирус аныкталды

Казакстанда өткөн суткада 855 адамдан коронавирус аныкталды

Казакстанда өткөн суткада 855 адамдан коронавирус аныкталды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, эң жогорку көрсөткүч Нур-Султан шаарында. Баш калаада 24 сааттын ичинде 135 адамдан инфекция ырасталды. Андан кийин Алматыда 110, Павлодар облусунда 78 бейтап катталган. Ал эми Мангыстау жана Түркестан аймактарында илдет жуктургандар аз болуп,  эки жана үч адамдан аныкталды. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча COVID-19 илдетине чалдыккандардын жалпы саны 211 миңден ашты. Тармактык мекеменин маалыматы боюнча, акыркы суткада 746 бейтап коронавирустан толугу менен айыгып чыкты.