Казакстандык илимпоздор алакан менен төлөм жүргүзүү тутумун иштеп чыгышты

Казакстандык илимпоздор алакан менен төлөм жүргүзүү тутумун иштеп чыгышты

Алакан кычышса акчага жоруган казакстандыктар жакын арада чындыгында алакан аркылуу төлөмдөрдү жасай алышат. Башкача айтканда, азыркыдай төлөм картасы же QR-код аркылуу эмес. Болгону бош колдун жардамы керек. Ата мекендик IT-адистери адамдын биометрикасын тааныган долбоорду иштеп чыгышты. Уникалдуу идентификациялоо системасы төлөм картасынын номерин жана жеке маалыматты каттай алат. Эң негизгиси бул бүгүнкү күндө эң эффективдүү, ыңгайлуу жана коопсуз ыкма болуп саналат. Себеби денеге жана теринин астына эч кандай чип салынбайт.

Жеңис Ермуканов, кабарчы:

- Бул кереметти караңыз. Колум аркылуу дүкөндөн соода кылдым. Жалпысынан бул казакстандык жаш окумуштуулардын ойлоп табуусу. Ал кантип ишке ашты?

Бауыржан Батырбалинов, «Алакан» долбоорунун дизайнери:

- Бул алакан тамырынын сүрөтү аркылуу жасалган биометрия. Адам колунун эч жерде кайталанбаган тамырлары сканерден өткөрүлөт. Ошентип соода кылган, эшик ачкан же турникеттен өткөн адам конкреттүү ким экендигин көрсөтөт. Учурда биз банктар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Биз төлөм картасын системага киргизүүгө мүмкүндүк берүүчү тиркемени иштеп чыктык. Бул төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

IT-алакан, программалоо мектеби, эл аралык экзамендерге даярдануу үчүн жеке платформа, виртуалдык реалдуулукка негизделген окутуу технологиялары, интерактивдүү тиркемелер, жасалма интеллект аркылуу реалдуу илимдерди окутуу платформасы. Мунун баары заманбап билим берүү жараянын жакшыртууга багытталган ата мекендик ойлоп табуу. Борбор калаада өтүп жаткан Билим берүү технологияларынын төртүнчү эл аралык форумунун алкагындагы көргөзмөгө Казакстандын 15 мыкты стартаптары коюлду.

Эльмира Обри, тынымсыз кесипти өнүктүрүү бюросунун башчысы:

- Келген коноктор долбоорлордун бирин калтырбастан, ар бир катышуучуга чоң көңүл бурушканын байкадык. Дараметтүү инвесторлор үчүн атайын жолугушуулар уюштурулду. Болочок кардарлар жана өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Алар чет элдик катышуучулар менен тажрыйба алмашып, чеберчиликтерин бөлүштү. Эки күндүн ичинде форумга эки миңдей адам катышты. Бүгүнкү күндө болжол менен миңге жакын адам келери күтүлүүдө. Көбүнчө чет элдик коноктор. Бул жылы 20дан ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышты. Алар  биздин модераторлорубуз, серепчилерибиз жана баяндамачыларыбыз.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков