Казакстандык окумуштуулар бактериядан желим өндүрүп чыгарды

Казакстандык окумуштуулар бактериядан желим өндүрүп чыгарды

Бактериялардан алынган желим. Алматылык окумуштуулардын ноу-хау ойлоп табуусу «псевдоОнас» деп аталган микроорганизмдин биоматериалынан ыңгайлуу материалды синтездөөгө мүмкүндүк берет. Окумуштуулар бул бактерияны кадимки цикорий тамырынан алып, анын касиеттерин сегиз ай бою изилдешкен. Алынган желимди көптөгөн товарлардын сыртына сүйкөгөндөн кийин таңгак катары колдонсо болот. Илимий ачылыш мөмө-жемиштерди, жашылчаларды, жада калса данды да узак убакыт бою сактоого мүмкүндүк берет. Ошондой эле, биожелимдин негизги касиети - табиятта тез чирийт. Биопласт жасалма тамырларды жасоо үчүн да ылайыктуу.

Аида Кыстаубаева, аль-Фараби атындагы КазУУ биотехнология кафедрасынын жетекчиси:

- Биз өсүмдүктөрдүн тамырынан эндофиттик микроорганизмдерди бөлүп алдык. Анын тамырында микроорганизмдер пластик сыяктуу полимерлерди бөлүп чыгарышат. Бул псевдомонадо түрүнө кирген бактериялар. Азыркы учурда биз анын түрлөрүн толук изилдеп бүттүк.

Людмила Игнатова, аль-Фараби атындагы КазУУ биотехнология кафедрасынын доценти:

- Биожелим урук кабыгы катары колдонулушу мүмкүн. Мындай каптамалар үрөндүн сапатын жакшыртат, алар анын өнүп чыгышына көмөктөшүүчү түрдүү азыктар менен байытууга болот. Ошондой эле, биожелим менен капталган урук тышкы чөйрөнүн таасиринен корголот.

 Окумуштуулардын айтымында, долбоор мамлекет тарабынан колдоого алынса, жакынкы үч жылда изилдөө иштерин өркүндөтүп, илимий ачылыштарды өндүрүшкө киргизүүгө болот.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков