Казакстандык окумуштуу адамдын организминдеги жашыруун инфекцияларды аныктоо ыкмасын ойлоп тапты

Казакстандык окумуштуу адамдын организминдеги жашыруун инфекцияларды аныктоо ыкмасын ойлоп тапты

Казак окумуштуусу адамдагы жашыруун инфекцияларды аныктоо ыкмасын ойлоп тапты. Бул үчүн кандын үлгүсү алынып, атайын иштетилип, адамдын иммундук системасы жөнүндө кеңири маалымат берилет. Ушундай жол менен жашыруун ооруларды таап, алдын алууга болот -  дейт Нурлыбек Үдербаев.

Нурлыбек Үдербаев, дарыгер-хирург:

- Бул технология менен Казакстандын тургундары бир нече жуманын ичинде ден соолугунун абалын аныктай алышат. Кимди дарылап, кимди текшерип, кимге такыр тийбеш керек экенин биле алабыз. Ошондой эле, дарылоо учурунда бул процесстин кандай жүрүшүн көзөмөлдөөгө болот.

Окумуштуу бул системаны патенттеп, автордук укукту расмий түрдө каттаган. Ал тургай адамдын биологиялык портретин жасап, өз денесинин толук чоо-жайын биле турган атайын сайт да ачкан. Кесиптештери инновациялык система кыйла жетилгенин белгилешет.

Игорь Паномарев, онколог дарыгер:

- Белгилүү бир адамдын биологиясын сканерлеп, кылдаттык менен текшеребиз. Анын негизинде, дарылоонун кайсы ыкмасын колдонуу керектиги жөнүндө чечим кабыл алынат.

Бул уникалдуу технология учурда борбордогу бир гана клиникада иштеп жатат. Келечекте аны өлкөнүн бардык ооруканаларына киргизүү пландалууда. Долбоордун автору бир нече күндүн ичинде 18 миллион адамдын иммундук системасын аныктоого болоорун айтат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков