Чек арасыз жумуш

Чек арасыз жумуш

Евразия экономикалык биримдиги өлкөлөрүндө «Чек арасыз иш» кызматы иштей баштады. Кадрларды тандоонун эл аралык тутуму уюмга мүчө мамлекеттердин биринчи биргелешкен санарип долбоору. Бүгүнкү күндө бирдиктүү аянтчага беш мамлекеттин улуттук эмгек биржаларынан 2 миллиондон ашык өздүк маалыматтар жана 500 миң бош жумуш орундары жайгаштырылган.

Гегам Варданян, ЕЭК ички рыноктор, маалыматтандыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министри:

- Бул комиссиясы менен Биримдик мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдары, операторлорунун ортосундагы жигердүү, тыгыз кызматташтыктын ийгиликтүү натыйжасы. Бул биргелешип аткарылган абдан татаал иш болду. Натыйжада, долбоор бардык өлкөлөрдүн жарандарына пайда алып келет деп ишенебиз. Бул кызматты пайдалануу үчүн кимдер колдоно аларын түшүндүрө кетейин. Чек арасыз иш долбооруна 5 мамлекеттин тутуму катыша алат. Маанилүү учур. Мисалы, эгерде сиз Арменияны алсаңыз, анда «горц» кызматкерлерди жалдоо үчүн жумуш издөө маалымат тутумуна туш болосуз. Беларусь Республикасынан бул жумушка орноштуруу мамлекеттик кызматынын маалыматтык порталы. Ал эми Казакстан тарабынан «Жумуш» маалымат порталы.

Серепчинин айтымында, Казакстан, Армения, Беларусь, Кыргызстан жана Орусиянын улуттук эмгек биржаларын интеграциялоо өткөн жылдан бери жүргүзүлүп келет. Бош жумуш орундардын тизмеси ар кандай. Атайын көндүмдөрдү талап кылбаган кесиптерден тартып, ар кандай компаниялардын менеджерлерине чейин. Белгилей кетсек, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биринде иштөө үчүн жарандар жумуш берүүчү менен келишим түзүшү керек.

Николай Брюханов, РКнын ЕХАКМ эмгек ресурстарын өнүктүрүү борбору департаментинин мүдүрү:

- Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Орусия мамлекеттери үчүн кошумча уруксат талап кылынбайт. Бул өлкөлөрдүн жарандары жумушка орношууда бирдей укуктарга ээ болот дегендик. Эң башкысы, жумуш берүүчү менен эмгек келишимин түзүү керек. Анда кызматкердин жана жумуш берүүчүнүн укуктары жана милдеттери каралган. Албетте, эмгек келиишими иштеген өлкөсүнүн эмгек мыйзамдарына ылайык түзүлөт.

Белгилей кетсек, быйыл Казакстанда 30 миңге жакын чет элдиктер иштей алышат. Ички рынокту коргоо үчүн Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги жыл сайын республикага башка мамлекеттерден адистерди тартуу үчүн атайын квота белгилейт. Министрликтин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө өлкөдө 15 миңден ашуун эмгек мигранттары иштейт. Алардын басымдуу бөлүгү Кытайдан келгендер. Ошондой эле, Казакстан аймагында Өзбекстан, Түркия, Индия жана Улуу Британиянын жарандары да эмгектенип келишет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков