Европа Биримдиги Казакстандын саясий жаңылануусуна колдоосун билдирди

Европа Биримдиги Казакстандын саясий жаңылануусуна колдоосун билдирди

Казакстандын товарларын, мунай жана айыл чарба өнүмдөрүн Европа рыногуна жеткирүүнүн жаңы жолдору Люксембургда өткөн Казакстан-Европа биримдиги кызматташтык кеңешинин 19-отурумунда талкууланды. Жыйындын жүрүшүндө энергетика, транспорт, инфраструктура жана санариптик технологияларды өнүктүрүү маселелери да каралды. Премьер-министрдин орун басары, тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди баштаган казак делегациясы билим берүү, саламаттыкты сактоо, илим жана маданият тармагындагы эки тараптуу байланыштарды чыңдоо ниетин билдирди.

Мухтар Тлеуберди, Казакстандын премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри:

- Азыркы учурда Европа биримдигин Казакстан жана Борбордук Азия менен гана эмес, Азия континенти менен да байланыштырган транзиттик-транспорттук дараметти өнүктүрүү өзгөчө мааниге ээ. Ошондуктан мунай жана айыл чарба өнүмдөрүн европалык рынокко жеткирүүнүн жаңы жолдору изделүүдө.

Европалык дипломаттардын айтымында, биримдик Казакстандын саясий реформа жолун жана жакында өткөн конституциялык референдумду кубаттайт.

Катрин Колонна, Франциянын Европа жана тышкы иштер министри:

- Казакстан Транскаспий эл аралык транспорттук каттамдарын жана санарип байланышын өнүктүрүүдө негизги ролду ойнойт. Биз адам укуктарынын, жарандык коомдун маанилүүлүгүн жана январь окуясын иликтөөнү талкууладык. Саясий реформалар жана конституциялык референдум Казакстандын ачык саясатка, демократияга умтулуусун көрсөттү. Биз аны колдойбуз.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков