Мажилис алдында коомдук палата түзүлдү

Мажилис алдында коомдук палата түзүлдү

Коомдук пикирди жараткан чукул маселелер көчөдө эмес, парламентте талкууланышы керек. Бул үчүн Мажилистин алдында коомдук палата түзүлдү. Бул саясий уюмдардын өкүлдөрүн, серепчилерди жана коомдук активисттердин башын бириктирген институт. Башкача айтканда, эл өкүлдөрүнүн жарандык коом менен системалуу байланышынын жаңы механизми пайда болот. Анын курамы келээрки аптада белгилүү болот. Коомдук палатанын мүчөлөрү резонанс жараткан мыйзам долбоорлорун талкуулоого катышат. Каралып жаткан маселенин курамы өзгөчөлөктөрүнө ылайык өзгөрүп турат.

Ерлан Кошанов, Казакстандын Парламенти Мажилисинин төрагасы:

- Коомдук палатанын негизги максаты – эң актуалдуу, резонанстуу маселелерди биринчи окууга чейин коомдук суроо-талап боюнча кароо. Бул негизги өзгөчөлүк. Мындан ары резонанс жараткан маселелерди талкуулап жатканда аймактардагы коомдук кеңештерди видеобайланыш аркылуу кошуубуз керек. Муну менен жергиликтүү элдин пикирин эске алсак болот. Палатанын курамы мыйзамдын өзгөчөлүктөрүнө жана багыттарына жараша өзгөрүп турат. Басымдуу көпчүлүгү депутаттар эмес, коомдук активисттер болмокчу. Балким, конструктивдүү оппозиция дейбиз, аларды да карап көрөбүз. Ошондой эле бейөкмөт сектордун өкүлдөрү да тартылат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков