Касым-Жомарт Токаев Өзбекстандын президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

Касым-Жомарт Токаев Өзбекстандын президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

Казакстан менен Өзбекстандын президенттери телефон аркылуу эки тараптуу жана аймактык маселелерди талкуулашты. Касым-Жомарт Токаев Өзбекстан жетекчилигинин Каракалпакстанда стабилдүүлүктү камсыздоо боюнча чечими өз убагында кабыл алынганын белгиледи. Ошондой эле, ал Шавкат Мирзиёевге Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумдун ийгиликтүү өтүшүнө тилектештигин билдирди. Касым-Жомарт Токаев бул иш-чара боордош Өзбекстанды жаңылоого багытталган масштабдуу саясий жана социалдык-экономикалык программаларды ишке ашыруу үчүн маанилүү кадам болоорун белгилеп өттү.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков