Президент Токаев коргоо министри Руслан Жаксылыковду кабыл алды

Президент Токаев коргоо министри Руслан Жаксылыковду кабыл алды

Коргоо министри Касым-Жомарт Токаевге аскер бөлүктөрүнүн күжүрмөн даярдыгы тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, учурда негизги күч-аракеттер башкаруу органдарын жана кадрларды каатчылык кырдаалдарда натыйжалуу аракеттенүүгө, борбордук жана жергиликтүү бийлик органдары менен иш-аракеттерди координациялоого үйрөтүү маселесине багытталган. Мындан тышкары, Руслан Жаксылыков президенттин тапшырмаларынын аткарылышы боюнча баяндама жасады. Жолугушуунун соңунда мамлекет башчысы Куралдуу Күчтөрдү комплекстүү жана системалуу өркүндөтүүнү камсыз кылуу ошондой эле алардын күжүрмөн даярдыгын жогорку деңгээлде кармоо зарылдыгын белгиледи. Мамлекет башчысы өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн мындан ары жогорулатууга багытталган бир катар тапшырмаларды берди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков