Касым-Жомарт Токаев БУУнун Башкы ассамблеясынын төрагасы менен жолугушту

Касым-Жомарт Токаев БУУнун Башкы ассамблеясынын төрагасы менен жолугушту

Мамлекет башчысы Казакстанга расмий сапар менен келген Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын төрагасы менен жолугушту. Касым-Жомарт Токаев Абдулла Шахиддин сапары Казакстан менен БУУнун ортосундагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүдө абдан маанилүү экенин айтты. Белгилей кетсек, төрага Казакстанга, Борбор Азияга биринчи жолу иш сапары менен келүүдө. Ал президенттин демилгеси менен өлкөдө жүргүзүлүп жаткан масштабдуу реформаларды, Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумду колдой турганын билдирди. Ошондой эле, үстүбүздөгү жылдын аяк оона айынын 13-15 күндөрү борбор калаада өтө турган Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин курултайын маанилүү аянтча - деп атап, анын макамына жогорку баасын берди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков