Тышкы иштер министри Вьетнамга иш сапары менен барды

Тышкы иштер министри Вьетнамга иш сапары менен барды

Казакстандын премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди расмий сапар менен Вьетнамга барды. Бул тышкы саясат мекеме башчысынын эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамиле түзүлгөндөн берки 30 жыл ичиндеги биринчи сапары. Анын алкагында өткөн жолугушууларда саясий жана экономикалык кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды. Тараптар өз ара сооданы жана инвестицияны арттыруу, экономиканын түрдүү тармактарын өнүктүрүү эки тараптуу мамилелердин жанданышына оң салым кошоорун белгилеп өтүштү. Ошондой эле, Вьетнамдын делегациясы тогуздун айында Нур-Султанда өтө турган Азиядагы өз ара кызматташтык жана ишеним чаралары кеңешинин саммитине катыша турганын ырастады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков