Депутаттардын катары толукталды

Депутаттардын катары толукталды

Парламент Сенатынын курамы дагы 6 депутат менен толукталды. Депутаттык мандатты Абай, Жетису, Улытау облустарынын өкүлдөрү алышты. Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыгын бүгүн жарыялады. Шайлоого 300дөн ашык маслихат депутаттары катышышты. Алты мандат үчүн жалпысынан 12 талапкер ат салышкан.

Нурлан Абдиров, Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы:

- Жаңыдан түзүлгөн 3 аймактын ар биринен парламенттин Сенатына бир убакта 2ден депутат шайланат. Ошентип, алардын бири 2017-жылдын кулжа айынын 28де, экинчиси 2020-жылдын баш оона айынын 12де шайланган депутаттардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланышты.

Казакстан Республикасынын Конституциясына ылайык, парламент сенатынын депутаттары алты жылга шайланышат. Тиешелүү мандаттар ушул айдын 31де расмий түрдө тапшырылат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков