БШК талапкерлерге кол топтоо баракчасын берүү мөөнөтүн кыскартты

БШК талапкерлерге кол топтоо баракчасын берүү мөөнөтүн кыскартты

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого катышуучу талапкерлер үчүн кол топтоо баракчасын тапшыруу мөөнөтүн 5 күндөн 2 күнгө кыскартты. Бул тууралуу брифингде айтылды. Мындан тышкары, алардын чогулткан колунун тууралыгын текшерүү мөөнөтү 10 күндөн 5 календардык күнгө кыскартылды. Эске салсак, ар бир талапкер 118 миң кол топтошу керек. Учурда өлкөдө 11 миллиондон ашык шайлоо укугу бар жарандар катталган.

Нурлан Абдиров, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы

Ошентип, мөөнөттөр кыскаргандыктан, талапкерлерге кол топтоо үчүн көбүрөөк убакыт берилди. Буга байланыштуу жергиликтүү шайлоо комиссияларына кайрылып кетем. Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен мөөнөттөрдү так сактоо зарыл.

Мындан тышкары, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо участкаларында мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жана өзгөчө камкордукка муктаж жарандарга шарт түзүү маселесин карады. Комиссия мүчөлөрү белгилегендей, жергиликтүү аткаруу органдары добуш берүү үчүн имараттын кире беришиндеги тутка, пандустар сыяктуу керектүү жабдыктарды камсыздап берүүгө тийиш. Мүмкүн болсо добуш берүү кабиналары имараттын биринчи кабатында болушу зарыл. Эгер үстүнкү кабатта болсо, чыгууга мүмкүн болушу керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков