Президенттин Түркестан облусуна болгон иш сапары

Президенттин Түркестан облусуна болгон иш сапары

Президент иш сапары менен Түркестан облусуна барды. Касым-Жомарт Токаев жергиликтүү тургундар менен жолугуп, акыркы жылдардагы оң өзгөрүүлөрдү белгиледи. Маселен, Түркестанда инвестициянын көлөмү 8 эсеге өстү. Ошону менен бирге мамлекет башчы туризм тармагындагы оң өзгөрүүлөргө токтолду. Тактап айтканда, 2019-жылдан бери аймактын ыйык жерлерин зыярат кылуу жана жаратылышын көрүүгө 2 миллионго жакын турист келген.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Кийинки үч жылдын ичинде облуста өнөр жайы жана айыл чарбасы 1,5 эсе өстү. Аймакта 64 миңге жакын туруктуу жумуш орундары ачылган. Ошентип, элдин турмушу акырындап жакшырууда. Албетте, мамлекет аймакты өнүктүрүүгө максималдуу күч-аракетин жумшайт. Дагы көп жаңыртуулар болот. Өзгөчө социалдык тармакта көйгөйлөр бар. Бирок, эң негизгиси жергиликтүү элдин дилгирлиги. Бул жагынан түркестандыктар абдан жигердүү.

Кошумчалай кетсек, Касым-Жомарт Токаев Казакстандагы президенттик шайлоо боюнча пикирин билдирип, мамлекет башчысын бир мөөнөткө шайлоо өтө маанилүү реформа жана бул элдин келечеги үчүн зарыл экенин айтты. Президент ошондой эле мындай өзгөрүүлөр эч бир өлкөдө болбогонун белгилеп өттү. Эл аралык кырдаалга карата өлкөнүн позициясына токтолду. Казакстан ар дайым бейтарап позицияны карманаарын белгиледи. Бул өлкөнүн улуттук кызыкчылыгына туура келет. Ал эми элдин күчү биримдикте, акыл-эстүүлүктө жана сабырдуулукта - деп белгиледи Токаев.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Мамлекеттердин аймактык бүтүндүгү сакталышы керек. Бул негизги принцип болуп саналат. Мен муну эл аралык аренада дайыма ачык –айкын айтып келе жатам. Жакында Бириккен Улуттар Уюмуна барып, эң жогорку трибунадан бул тууралуу дагы бир жолу баса белгиледим.

Ошондой эле, мамлекет башчысы Түркестан облусунун жаш эко-активисттери менен бирге ботаникалык бакка тал отургузуу иш-чарасына катышты. Жаштар менен баарлашкан соң ал мекенди сүйүүнү таза эмгектен баштоо керектигин айтты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков