Мажилисте президенттин тапшырмаларын ишке ашыруу маселелери каралды

Мажилисте президенттин тапшырмаларын ишке ашыруу маселелери каралды

Мамлекет башчынын тапшырмаларын ишке ашыруу боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору бүгүн, Мажилистин депутаттары тарабынан биринчи окууда жактырылды. Белгилей кетсек, ал түзөтүүлөрдүн 5 блогун камтыйт. Алардын бардыгы өлкөнү мындан ары социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө багытталган. Айрымдары Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамга тиешелүү жана бир булактан сатып алуу укугун алып салуу каралган. Табигый монополиялар жөнүндө мыйзамга бир катар өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Мисалы, жөнгө салынуучу кызматтарды көрсөтүүдө технологиялык циклде колдонулган тармактарды баланска алуу жана ишенимдүү башкаруу шартында анын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин тарифтерди өзгөртүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Республикага инвестиция тартууну күчөтүү боюнча ырааттуу иштер да унутта калган жок. Ошентип, инвестиция тартуудагы тоскоолдуктарды минималдаштыруу максатында инвестициялык долбоордун артыкчылыктуу иш түрлөрүнүн тизмесине ылайык келүү талабын алып салуу сунушталууда.

Алибек Куантыров, Улуттук экономика министри:

Тизмеге кирүү же ага өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн республикалык бюджеттик комиссиянын кароосуна сунушталышы керек. Мындан тышкары, бир нече мамлекеттик органдар менен макулдашуу зарыл, ал алты айга чейин созулушу ыктымал. Ишкерлердин жана инвесторлордун пикирлерин жана иш жүзүндөгү тажрыйбаны эске алуу менен уруксат берилген ишмердиктин тизмесинен тыюу салынган ишмердүүлүккө өтүү чечими кабыл алынды. Бул инвесторлордун белгилүү бир багыттарга келишине шарт түзөөрү шексиз, өзгөчө экономиканын мунай эмес секторлоруна инвестициялардын көбөйүшү күтүлүүдө. Мындан тышкары, жеке долбоорлорду өзүнчө карап чыгууга жана каршы милдеттенмелерди белгилөөгө болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков