А.Смаилов ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйынына катышты

А.Смаилов ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйынына катышты

Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана транспорттук коридорлорду өнүктүрүү боюнча аракеттерди бириктирүү. Мындай кайрылуу менен ШКУ өлкөлөрүнө министрлер кабинетинин башчысы Алихан Смаилов кайрылды. Онлайн режиминде ал уюмга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Премьер-министрдин айтымында, өлкөлөр үчүн Шанхай Кызматташтык Уюмунун ишмердүүлүгүн мындан ары жакшыртууну улантуу маанилүү. Өзгөчө көңүл, анын айтымында, соода тоскоолдуктарын жоюуну жана техникалык регламенттердин жакындашын талап кылат. Айрыкча Самаркандда кабыл алынган ички региондук сооданы өнүктүрүү планы бул үчүн практикалык кадамдар боло алат. Ал кийинки эки жылга эсептелген. Өкмөт башчы ошондой эле Казакстандын айыл чарба потенциалына токтолду. Бул жерде, анын пикири боюнча, асыл тукум жана үрөнчүлүк тармагындагы кызматташтык программасын иштеп чыгуу маанилүү кадам болушу мүмкүн. Алихан Смаиловдун айтымында, жалпысынан аталган уюмдун мейкиндигинде экономикалык өнүгүүнүн жогорку динамикасы байкалууда.

Алихан Смаилов, Казакстандын премьер-министри:

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча уюмга мүчө-мамлекеттердин экономикалык өсүү темпи 4 пайыздан 9 пайызга чейинки диапазондо өзгөргөн. Казакстан менен Шанхай Кызматташтык Уюмунун өлкөлөрүнүн ортосундагы 21 жыл ичинде жалпы товар жүгүртүү дээрлик 51 миллиард долларды түзүп, 22%га өстү. Үстүбүздөгү жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча биздин аталган уюмдун өлкөлөрү менен соода жүгүртүүбүз дагы 18%га өстү. ШКУнун банктар аралык ассоциациясынын мандатынын алкагында соода операцияларын жана экспорттук операцияларды каржылоого биздин өлкөлөрдүн банктарын жана өнүктүрүү институттарын тартуу маанилүү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков