Казакстанда президенттик шайлоо өтүүдө

Казакстанда президенттик шайлоо өтүүдө

Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо өтүп жатат. Бүгүнкү күндө өлкөдө 10 миңден ашуун шайлоо участкалары ачылган. 12 миллионго жакын казакстандык шайлоо укугуна ээ. Ал эми чет өлкөлөрдө казакстандыктар үчүн 53 өлкөдө 68 шайлоо тилкеси даярдалган. Аларга 12 миңден ашуун адам добуш бере алат. Шайлоо участкаларына биринчилерден болуп Жапонияда жана Корея Республикасында жашаган мекендештер келишти. Андан кийин - Омскиде, Бишкекте, Делиде, Ташкентте, Ашхабадда, Исламабадда жана Дүйшөмбүдө. Эске сала кетсек, мамлекет башчылыгына алты талапкер ат салышууда. Алар - Кесиптик социалдык кызматкерлердин улуттук альянсынан Каракат Абден, Жалпы элдик социал-демократиялык партиядан Нурлан Ауесбаев, «Ауыл» Элдик-демократиялык патриоттук партиясынан Жигули Дайрабаев, «Аманат» республикалык профсоюздар союзунан Мейрам Кажыкен, Коомдук саясий күчтөрдүн элдик коалициясынан Касым-Жомарт Токаев жана Республикалык Казак энелери – салтка жол коомдук бирикмесинен Салтанат Турсынбекова.

Которгон: Илгиз Жамалбеков